Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Экономика министрлигинин кызматкерлеринин 50 пайызы эмдөөдөн өттү

27.08.2021 10:12
469
Экономика министрлигинин кызматкерлеринин 50 пайызы эмдөөдөн өттү

“КР Экономика жана финансы министрлигинин штатынын учурдагы саны 4722 бирдикти түзөт. Бүгүнкү күндө COVID-19га каршы вакцина алгандардын саны 2392 адам (50,6%), алардын ичинен борбордук аппараттан – 60, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдөн – 2332”, - деп билдирди Экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимов. 


 Анын айтымында, министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн COVID-19га каршы вакцинациялоо жол-жоболору уюштурулду, ошондой эле кызматкерлер арасында коронавирус инфекциясынын жайылып кетишине каршы күрөшүү үчүн вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп жатат.


 Ал белгилегендей 845 кызматкердин (башкача айтканда 17,9%нын) вакцина алууга каршы көрсөтмөлөрү бар. Ал эми, 516 (10,9%) кызматкерлер соңку 6 айдын аралыгында ооруга чалдыккандар. Ошону менен, вакцина ала элек кызматкерлердин саны 969 (20,6%).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн