Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү долбоору комитетте колдоо тапты

28.07.2021 18:05
731
Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү долбоору комитетте колдоо тапты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады.


Мыйзам долбоору парламенттин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралды.


Акылебк Жапаровдун айтымында, мындай сунуш киргизүүгө пандемиянын экономикага тийгизген терс таасири себеп болду. Бул режим салыктардын ставкасын өзгөртүүгө жана өтө зарыл учурда бюджетти Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле бөлүштүрүүгө шарт түзөт.


«Биз элдин нааразы болуп митингге чыгышын күтүп отурбай эле алдын ала экономикага жөлөк боло турган чараларды көрсөк болот. Өтө зарыл учурда бюджеттин чыгаша жана кирише бөлүгүн 10 пайызга чейин өзгөртүп, кийин оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатабыз”, — деди Жапаров.


Экономикага өзгөчө кырдаал режимин үч айга киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоорунун концепциясын ЖК комитети колдоп берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн