Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Экономикалык амнистия мыйзамы коррупционер, контрабандисттерди актоо үчүн жазылганбы?

18.12.2020 14:20
855
Экономикалык амнистия мыйзамы коррупционер, контрабандисттерди актоо үчүн жазылганбы?


Кече, 17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Кээ бир мыйзам актыларына экономикалык амнистия жарыялоо боюнча өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизүү» деп аталган мыйзам долбоорун карашты. Анын авторлору депутаттар О.Бакиров, М.Маматалиев, Г.Асылбаева, С.Айдаров, А.Жапаров болушту.


Авторлордун айтымында бул мыйзам долбоору ишкерлерге кошумча мамлекеттик кепилдиктерди бекитүү максатында даярдалган экен. Анан дагы мызам долбооруна киргизилген нормалар экономикалык жана салык кылмыштары үчүн эркиндигинен ажыратпай эле жазалоону камсыздайт дешет.


Бирок, парламенттеги айрым депутаттар мыйзам долбоорунун авторлорунун келтирген аргументтери менен макул болушкан жок. Мисалы, депутат Дастан Бекешов муну жазадан кутулуунун мыйзамдуу соодалашуусу болуп каларын айтты. «Төлөп кой да, каалагандай жүрө бер. Мыйзам кедейлер үчүн эмес, байлар үчүн. Райымбек Матраимов ошондон кийин контрабандист болбой калабы? Азыр коррупция боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул мыйзам долбоору менен аны переквалификация кылса болот да, туурабы? Андай болбойбу?», - деди ал.


Буга баш прокурордун орун басары Абай Молдокматов түз жооп бере албай, Тергөө башкармалыганан такташ керек экенин билдирди.


Ал эми депутат Н. Никитенко мыйзам долбоору регламент сакталбай кабыл алынып жатканына нааразы болду.


Деги эле бул мыйзам долбоору кабыл алынып, күчүнө кирип калса, андан мамлекетке пайда болобу? Мына ушул суроонун тегерегинде республиканын эмгек сиңирген юристи, депутат Өмүрбек Текебаев журналисттердин бирине берген маегинде кеңири токтолгон экен.


«Бүгүн дагы бир мыйзамды кабыл алган жатышат. Аны да зордук-зомбулук менен, регламентти бузуп, комитет карай элек болсо дагы тез эле өткөрүп жиберелик деп жатат. «Кээ бир мыйзам актыларына экономикалык амнистия жарыялоо боюнча өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизүү» деп аталат. Бул жерде 1,2,3,4, андан кийин 9, андан кийин 6. Тогуз статьяда эгер чыгымды ордуна берсең эле кылмыш жообуна тартылбайсың деп жатат. Эгерде сизге ушул студия ишенип берилсе, материалдык жоопкерчиликтеги адам болсоңуз, анан камераны алып сатып жиберсеңиз, дагы бир нерсени үйүңүзгө алып кетсеңиз, анан компьютерди алып чыгып кетип жатып кармалып калсаңыз, «Ии кечирип койгула» деп кайра аны берип койсоңуз, жоопко тартылбайт экенсиз. Башкача айтканда, колго түшсөң алганыңды кайра берип койсоң жоопко тартылбайт экенсиң. Жазылып турат, тергөө жүрүп жатса, тергөө токтойт, сот жүрүп жатса, сот токтойт, түрмөгө отуруп калган болсоң, түрмөдөн чыгасың. 209-статьяда мощенник жолу менен зыян келтиргендер да кайра берсе жоопко тартылбайт. Демек, мощенник боло бер, алда, эгер сен колго түшүп калып, кайтарып берсең жазаланбайсың. Колго түшпөй алып кетсең, сеники. Эл коркпой калат. Криминалдык саясаттын негизги максаты – страх. «Кой, мен колго түшүп калам, уят болом, камалам» деп коркот. Корккондон улам аны башкалар жасабайт. Мында болсо колго түшүп калып, кайтарып берсең эле камабайбыз деп жатат. Андан башка дагы 6 статья боюнча. Бирөөсүн айтайын, 223-статья - экономикалык контрабанда боюнча. Анда дагы чек арадан товарды мыйзамсыз алып өтүп баратып колго түшүп калып, чыгымды төлөп берсең бошотуп жиберет. Кармалбасаң – утуш сеники, камалбайсың. Контрабандисттер, коррупционерлер бир күндүк акчамды жоготом деп коркпойт. Алар 10 жылдык өмүрүмдү жоготом, камалып калам деп коркот. 10 жолу өтөсүң, бир жолу кармалып калып берсең кутулуп кетесиң. Ансыз деле беришет алар. Ар бир өткөндө беришет. Мына экономикалык саясат. Мен башка экономикалык демилгени көргөн жокмун», - дейт Текебаев.


Демек, бул мыйзам аркылуу биз коррупционер, контрабандисттерди эркелетип жаткан жокпузбу? Кармалбаганга аракет кыл, кармалып калсаң жөн гана төлөп кой деп.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн