Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:13
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун 2-баскычы ишке кирди

11.05.2020 14:59
990
Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун 2-баскычы ишке кирди


Экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилди. Бул тууралуу өкмөттөн билдирди.

Ишмердүүлүк чөйрөлөрүнүн тизмеси иштелип чыккан критерийлерге ылайык жана анын өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга таасирин эске алуу менен иштелип чыккан.

Бүгүн, 11-майдан тартып карантиндик режимде финансылык жана башка кызмат көрсөтүүлөр, калкты тейлөө кызматтары, сооданын айрым багыттары жана массалык маалымат каражаттары чөйрөсүндөгү уюмдардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди. Карантиндик шарттарда санитардык ченемдерди сактоо үчүн жоопкерчилик өз ишин баштаган ишканалардын ээлерине/жетекчилерине жана жеке ишкерлерге жүктөлөт.

Белгилей кетсек, COVID-19 инфекциясынын жайылышынын жаңы тобокелдиктеринин пайда болушуна жол бербөө максатында бул баскычта коомдук унаалар иштебейт.

Төмөндө карантиндик режимде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеси келтирилген.

Тема боюнча: 11-майдан тартып ишке кирүүгө уруксат берилген кызматтардын тизмеси

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн