Депутат Дастан Бекешев экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынса аткезчилик көбөйө турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Аткезчилик көбөйөт. Камалган адам акчасын берип эле кутулуп кете. Акчасы жок адам отура түрмөгө отурат. Экинчиси да кутулууга мүмкүн экендигин билип кылмышка барат. Бул ишкерчиликке колдоо көрсөтпөстөн, тескерисинче терс таасирин тийгизет", - деди Дастан Бекешев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн