Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча шаардык штаб түзүлдү

18.03.2020 14:18
750
Экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча шаардык штаб түзүлдү


Коронавирустун жайылышы менен байланышкан тышкы факторлордун терс таасирлерин азайтуу жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча Бишкек мэриясында шаардык штаб түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.


Тиешелүү буйрукка экономикалык жана каржылык маселелер боюнча биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев кол койду.


Шаардык штаб борбордун социалдык-экономикалык абалына ар дайым мониторинг жүргүзүп, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына жана алардын запастарына болгон бааларды күн сайын талдоого алат.


Экономикалык штабдын курамында биринчи вице-мэр А.Бакетаев, экономика жана инвестициялар департаментинин директорунун орун басары Сато Караш, мэриянын аппаратынын жана райондук акимиаттардын жетекчилери, экономисттер, финансисттер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жана Финансы министрлигинин мүчөлөрү кирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн