Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 13:11
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

Экономиканы көтөрүү үчүн экспортту көбөйтүү зарыл, - экономист Осмонов

05.08.2020 10:07
1183
Экономиканы көтөрүү үчүн экспортту көбөйтүү зарыл, - экономист Осмонов


Өнөктөш өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал жакшырса, Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизет. Мындай пикирин экономист Замирбек Осмонов билдирди.


Анын айтымында, карантинден кийин экономиканы тез арада калыбына келтирүү үчүн ЕАЭБдин алкагында Казакстан-Кыргызстан чек арасындагы тоскоолдуктарды болтурбоо аракеттери көрүлүүсү шарт.


"Күйүүчү май, газ дагы көптөгөн товарларды ЕАЭБге мүчө Россиядан, Казакстандан алып келебиз. Ошондой эле эт, сүт жана башка товарларды Казакстанга чыгаруудабыз. Бул өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал жакшырса, Кыргызстанга оң таасирин тийгизет. Себеби аталган мамлекеттерде бизден барган товарларга суроо-талап жогорулайт. Ошондой эле импорт жаатында да жылыштар болот. Алардан келген товарлардын саны көбөйсө, баалар төмөндөйт. Мындан тышкары, соода-сатык балансын теңдеп, ал тургай колдон келишинче өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу зарыл. Ал үчүн экологиялык таза продукциялар: фасоль өстүрүү, жер-жемиш иштетүү, балык чарбачылыгын колдоого жана бал өндүрүүгө жеңилдетилген насыяларды бериш керек. Ошол эле текстиль тармагы дагы пандемиянын таасиринен улам басаңдап калды. Аны тез арада калыбына келтирүү үчүн тийиштүү кадамдар жасалышы шарт", - деди Осмонов.


Булак: Sputnik Кыргызстан

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн