Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Экономиканы жана бизнести “өлтүрүп” албай коронавирус менен күрөшсө болобу?

02.04.2020 15:15
704
Экономиканы жана бизнести “өлтүрүп” албай коронавирус менен күрөшсө болобу?


Коронавирус эпидемиясы учурда дүйнөлүк экономикага өтө чоң залакасын тийгизип турат. Кече жакында эле БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык таасирлерине байланыштуу жасаган докладында “Бул кризис дүйнө жүзү Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кабылган өтө оор кризис” деп айтты.  


Кыргызстан да дүйнө мамлекеттериндей эле бул кризистен сыртта кала албайт. Республикабыз үчүн бул көз карандысыздык алгандан берки тарыхындагы өтө оор кризис болуп калат. Анын таасири СССР талкалангандан кийинки өлкөбүз кептелген абалдан да ашып кетиши мүмкүн. 


Бул эпидемия дүйнөнүн дээрлик жарымын үйүнө камады. Гүүлдөп иштеп жаткан ишкана, заводдор токтоду. Анын натыйжасында экономикалык көрсөткүчтөр аркага кетүүдө. Эгерде жакынкы айларда бул коронавирусту жеңген күндө да дүйнө мамлекеттери анын айынан болгон экономикалык жоготууларды, жумушсуздукту жана жакырчылыктын көбөйгөнүн бир топ убакытка чейин жое албай убара тартат. 


Кыргызстан үчүн да бул көрүнүш болбой койбойт. Айрым билимдүү эле жарандарыбыз “дүйнөлүк кризис коркунучтуу деле эмес, себеби биз жакыр өлкөбүз. Дүйнөлүк финансы рыногуна интеграциялашпаганбыз жана байкалаарлык инвестициялардын агымы жок эле жашаганга көнгөнбүз” деп айтып жүрүшөт. Бирок, бул жаңылыштык экенин айтып коелу.


Дүйнөлүк кризис өзгөчө жакыр өлкөлөргө көбүрөөк таасир этет. Ал эми экономикасы өнүккөн өлкөлөр, ресурстары барлар, антикризистик чараларды көрө ала тургандарга балким өтө катуу таасир этпеши мүмкүн.   


Биринчи кезекте, мамлекет тарабынан экономиканы фискалдык стимулдаштыруу зарылдыгы бар. Ошону менен бирге эле жумушсуз калгандарды жана калктын аялуу катмарын минималдык социалдык камсыздоого алуу керек. Бардык өнүккөн мамлекеттер өздөрүнүн экономикасын жана жарандарын колдоо үчүн миллиарддаган, алтургай триллиондогон каражаттык чараларды көрө турганын жарыялашты. Мына ушуну Кыргызстан жасай алабы? Жообу түшүнүктүү эле. Биз өкмөттүн резерви жок жана эл аралык каиүпитал рыногуна жолу жок жакыр өлкө экенибиз аз келгенсип, пропорционалдуу эмес экономикалык структура тереңдеп баратат. Бул сырткы терс таасирлерди өзгөчө тескери кабыл алат.  


Кыргызстандын өндүрүштүк сектору да алсыз, импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн бир нече эсе көптүк кылат. Кыргызстан өзгөчө биздин негизги өнөктөштөр – Россия, Кытай, Казакстан сыяктуу коңшулаш өлкөлөрдүн экономикалык абалынан көз каранды. 


Экономика министринин маалыматы боюнча бул жылы өлкөбүздө ИДПнын төмөндөөсү 7 пайыздын деңгээлинде болушу мүмкүн. Бул 2010-жылдагы апрель революциясы болгондон кийинки абалдан да төмөн. Анда ИДПнын төмөндөөсү 0,5 пайыз болгон. ИДПнын рекорддук төмөндөөсү 1994-жылы 20 пайыздык деңгээлге жеткенин билебиз.  


Мындан бир ай мурун эле экономика министрлиги өлкө экономикасында ушунча төмөндөө болуп кетерин ойлогон да эмес. Балким, төмөндөө мындан да ылдый болуп калышы да мүмкүн. Кабатыр кыла турган биринчи жагдайлар байкалууда. Улуттук валютабыз АКШ долларына карата баасы болжол менен 15 пайызка жоготту. Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештерибизден акча которуулар да 70-80 пайызка азайганын банктар билдирип жатат. 


Жакынкы күндөрү үйүндө азык-түлүгү түгөнгөндөр жапырт карантинди бузуп көчөгө чыгышы мүмкүн. Себеби, калктын дээрлик басымдуу бөлүгүндө акчанын да запасы жок. Күнүмдүк тамакка гана каражат таап жашагандар ашып кетсе бир ай чыдайт, андан кийинчи? 


Демек, биз коронавируска каршы күрөшүүдө Кытай, андан кийин башка мамлекеттер жапырт колдонгон жолду дал өзүндөй кылып көчүрүп албашыбыз керек болуп туру. Алардын өз жарандарын үйлөрүндө отургузуп бакканга запастары бар, бизде жок. 


Ушундай кырдаалда карантинден кийин ишкерлердин ишмердүүлүгүн жүргүзүү шарттарын кардиналдуу өзгөртө турган структуралык реформалардын пакети иштелип чыгып жана кабыл алынышы шарт. Биринчи кезекте бизнеске карата салыктардын жана социалдык төлөмдөрдүн санын азайтуу, ошондой эле ишкерлер үчүн бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санарип форматына өткөрүү жана мамлекеттик органдар менен когнтакттарды жок кылуу. Ишкерлерди үстөккө-босток текшерүүлөрдү тыюу. Эмгек мыйзамынын эскирген системасын реформалоо зарыл. 


Коронавирус эпидемиясынын натыйжасында өлкө бюджетине ондогон миллиарддык зыян тийет. Бирок, ошонун арты менен биз кадимки убакытта ишке ашыра албай турган узак жылдардан бери көйгөйгө айланган өзгөрүүлөрдү жасап алсак болот. 


Анан дагы өкмөт өлкөбүздө жумушсуздук, азык-түлүк жетишсиздиги күч алып кеткенге чейин кырдаалга жараша жаңы программа иштеп чыгышы шарт. Мүмкүн болушунча өндүрүштүк иштерди токтотпой, коомдук транспортторду да кайсы бир деңгээлде ишке киргизиши керек. Албетте, көп адамдардын топтолушуна болбойт, бирок ишти да токтотуп отура берүү менен таптакыр экономикалык сызга отуруп каларыбызды да эске алуу керек.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн