Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Экономиканын начарлашынан зомбулукка кабылгандар быйыл 65 пайызга көбөйдү, - Исмаилова

15.06.2020 09:36
1335
Экономиканын начарлашынан зомбулукка кабылгандар быйыл 65 пайызга көбөйдү, - Исмаилова


Үстүбүздөгү жылдын 3 айында 2319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы орун алган, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 65%га көп болгон. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова Өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Мындай фактылардын саны 2013-жылы 2339 барабар болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 7178ге жеткен. “Муну аргасыз обочолонуу жана үй-бүлөдөгү экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштырууга болот”, - деди ал.

Аида Исмаилованын айтымында, жакында Жазык-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ал үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүлөрдү 48 саатка кармоого шарт түзөт. Бул зомбулуктун курмандыктарынын коопсуздугун камсыздоого жасалган чоң кадам.

Мындай иштер жеке айыптоо иштерине киргендиктен, аял арыз менен кайрылып, кылмыш ишин козгоого даяр шартта да, ага көрсөтүлгөн зомбулукка карата зарыл болгон далилдерди эч кандай колдоосуз өз алдынча топтоого туура келет. Үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында психологиялык жактан жабыркаган абалда мунун баарынан өтүү кыйын. 

Аялдардын социалдык-экономикалык алсыздыгы аларды тандоо укугунан ажыратып, белгилүү бир жагдайларда калууга мажбурлайт. Мамлекеттин милдети – аялдардын экономикалык өз алдынчалыгына колдоо көрсөтүү, кыздарга билим берүү, саламаттыгын колдоо.

Ошентип биз сот адилеттиги, зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча коом менен иштөө багыттарында иштерди күчөтөбүз. Улуттук кеңеш гендердик саясат жаатында координациялоо жана өз ара аракеттенүү үчүн туруктуу «жандуу» таасирдүү аянт болушу керек. Ар кандай түрдөгү зомбулукка жол бербөө гендердик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат», - деп билдирди вице-премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн