Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Экөөнүн абалы орточо оор. Лейлекте 4 адам ооруканага түштү

13.04.2022 20:51
668
Экөөнүн абалы орточо оор. Лейлекте 4 адам ооруканага түштү

Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан жабыркагандар тууралуу маалымат берди.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 2022-жылдын 13-апрели, саат 18:00гө карата Лейлек шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна (ЖДПБ) дагы үч жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылган.ь

Учурда Лейлек райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт жабырлануучу тиешелүү медициналык жардам алууда.

Алар:

  • 1999-жылы туулган Э.М., (аскер кызматчы). Диагноз: сандын ортоңку үчтөн бир бөлүгүнүн жана тамандын октун учкундарынан алган жарааты (бөтөн нерсе - ок). Абалы орточо оор.
  • 1992-жылы туулган О.З. Диагнозу: оң жак тизенин ылдыйкы бөлүгүнүн октун учкундарынан алган жарааты (бөтөн нерсе - ок). Абалы орточо оор.
  • 2002-жылы туулган Т.А., (аскер кызматчы). Диагнозу: сол жак тизе булсуңунун чоюлушу, ооруксунуу. Абалы канааттандырарлык.
  • 1972-жылы туулган Б.Т. Диагнозу: оң жак жамбаш бөлүгүнүн ок учкундарынан алган жарааты. Абалы канааттандырарлык.

"Бардыгы болуп 6 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган, алардын экөөсү алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Бардык бейтаптар тиешелүү дарыланууну алышууда. Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборунда дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар", - деп айтылат билдирүүдө.

Медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат

Мындан тышкары, Лейлек ЖДПБнын адистери эвакуацияланган тургундарга, негизинен аялдар менен балдарга кеп-кеңештерин берип, медициналык жардам көрсөтүүдө

Учурда 150гө жакын адам текшерүүдөн өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн