Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:03
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Экотехинспекциянын мурунку директору Ж.Жунушев кармалды

20.10.2020 17:27
651
Экотехинспекциянын мурунку директору Ж.Жунушев кармалды

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурунку директору Жолдошбек Жунушев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүндө Жолдошбек Жунушевдин жетекчилиги алдында туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында коррупциялык ишке тиешеси бар 6 адам аныкталган.

Ошондой эле билдирүүдө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жунушев бул коррупциялык схеманы башкаргандыгы, ал мыйзамсыз алынган каражаттардын белгилүү бир бөлүгүн алгандыгы айтылат.

Бүгүн, 20-октябрда Жолдошбек Жунушев Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн