Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:49
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Экс-депутат 2020-жылы өткөн шайлоодо 300 миң доллар пара алган

16.09.2021 18:40
977
Экс-депутат 2020-жылы өткөн шайлоодо 300 миң доллар пара алган


УКМК маалымат кызматы, комитет тарабынан өлкөдөгү системалуу жана саясий коррупциянын фактыларын аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча системалуу иштер уланып жатканын кабарлады.


Маалыматта, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгиленет.


2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгына жана алынган далилдердин негизинде аталган Ч.Р., КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланды. 


Ошондой эле, жакын арада тергөө «Ч.Р.ны» тергөө иши бүткүчө баш коргоо чарасын кабыл улуу маселесин караары, тергөөнүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган толук чаралар көрүлөөрү белгиленди. 


Маалыматта көрсөтүлгөн инициалдар "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон Руслан Чойбековго дал келет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн