Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Экс-депутат Арапбаевдин туугандары Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруп, үчүнчү жактарга саткан

03.02.2023 11:55
245
Экс-депутат Арапбаевдин туугандары Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамсыз куруп, үчүнчү жактарга саткан

Бишкек шаарынын мэриясынын вице-мэри Нурдан Орунтаев баш болгон комиссия борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар боюнча текшерүү жүргүздү. 


Мэриянын маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы Севастополь көчөсүндө "Баасыз строй" компаниясы жеке менчик жерге эч кандай уруксат кагазы жок  9 кабаттуу үйдү куруп жатат. Көп кабаттуу үйдө соода борбору жана жер төлөдөгү унаа токтотуучу жайын куруу пландалган.

Ушул эле курулуш компаниясы Фурманов көчөсүндө уруксат документи жок көп кабаттуу үйдүн курулушун жүргүзүүдө.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын  курулушту көзөмөлдөө департаменти тарабынан сотко билдирүү жөнөтүлгөн.


Мыйзамсыз курулуш иштерине байланыштуу аталган компанияга бир нече айып салынган жана ичүүчү суу өчүрүлгөн.


Мэриядан кабарлашкандай, "Баасыз строй" курулуш компаниясы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азамат Арапбаевдин туугандарына таандык.

Алар мыйзамсыз курулган үйлөрдү үчүнчү тараптарга сатып келген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн