Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Экс-депутат Болот Шер инсульттан улам комага түшкөн

13.06.2020 13:15
1317
Экс-депутат Болот Шер инсульттан улам комага түшкөн

 

Экс-депутат Болот Шер инсульттан улам 12-июнга караган түнү Улуттук госпиталга жаткырылган. Учурда ал комада, деп жазат kloop парталы. Буга чейин саясатчы башынан эки инсультту өткөргөн.


Болот Шер - 61 жаштагы кыргыз саясатчысы, экс-депутат, Убактылуу өкмөттүн учурунда ИИМдин башчысы, парламенттин мурдагы вице-спикери.


Агасынын ден соолугу тууралуу маалыматты депутат Садык Шер-Нияз тастыктаган.

«Болот Шер Улуттук госпиталга мурдагы түнү инсульт алып түшкөн. Азыр абалын орточо оор деп баалап жатышат. Белгилүү кыргыз жана советтик нейрохирург Миталип Мамытович баштаган дарыгерлер тобу абалына көз салууда», - деп билдирген депутат Садык Шер-Нияз «Спутникке».


Бул маалыматты депутат Максат Сабиров да тастыктады.

«Кечээ кесиптешиме баргам, ага киргизбей жатышат. Айрым маалыматтар боюнча, окуя болгон учурда Болот Шер үйдө болчу», - деп билдирген 24.kg басылмасына.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн