Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу экс-депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында чакыруу барагында эч кандай убакыт көрсөтүлгөн эмес.
"Мени суракка күбө катары чакырыптыр. Кайсы иш боюнча билбейм. Бирок чакырууда убакыт жана дата көрсөтүлбөптүр",- деп жазган Масалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн