Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жылдызкан Жолдошева: Өкмөттүн бат-бат алмашышы өлкөнү артка тартат

16.06.2020 11:32
1096
Жылдызкан Жолдошева: Өкмөттүн бат-бат алмашышы өлкөнү артка тартат


Өкмөт жана парламент чабал болуп калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жылдызкан Жолдошева “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.   


Анын айтымында, премьер-министрлердин бат-бат алмашышы өлкөнү артка тартат.


"Өкмөт башчылар кызматка келип, кайра кетишет, бирок бирөөсү да отчет бербейт. Абылгазиев дагы жасаган иштери боюнча Жогорку Кеңеш аркылуу элге отчет бериши керек эле. Радио жыштыктар маселеси боюнча иш бүдөмүк бойдон калбашы абзел", - деди экс-депутат. 


Ошондой эле ал өкмөт башчылыкка экономиканы түшүнгөн, кризис менеджер адам келиши керек деген пикирде. 


"Биз сазга батып бара жатканыбыз анык. Ушундай оор кырдаалда өкмөттү күчтөндүрө алган, экономиканы түшүнгөн, кризис менеджер адам бул кызматка келиши керек. Премьер-министрликке сунушталып жаткан  К.Бороновду сабырдуу, токтоо инсан катары билем. Ал кызматты аркалап кете алабы жана элди саздан алып чыга алабы? Бул суроону К.Боронов өзүнө бериши керек. Мисалы, мен кризис менеджер жана өкмөттүн ишин алдыга жылдыра алат деген бир нече адамдарды айта алам. Алар - Нариман Түлеев, Акматбек Келдибеков, Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев, Азиз Суракматов, Мыктыбек Абдылдаевдер", - деди Ж.Жолдошева. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн