Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев кармалды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдирди, деп жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Канат Исаев УКМК тарабынан 20-ноябрда кармалган.
Саясатчынын баш коргоо чарасы бүгүн тандалары күтүлүүдө. Исаевдин эмнеге айыпталып жатканы азырынча белгисиз.
Эске салсак, буга чейин 2017-жылы Канат Исаевге бийликти күч колдонуп басып алуу боюнча иштин фигуранты катары кылмыш иши козголуп, 2019-жылы апрелде сотко чейинки өндүрүш токтотулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн