Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 00:16
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Экс-депутат Оторов АКШда каза тапты

26.01.2022 13:03
1546
Экс-депутат Оторов АКШда каза тапты

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну, коомдук ишмер, АКШда иштеп жүргөн Тургунбек Оторов каза тапты. Бул тууралуу анын иниси Надырбек Табрисов "Турмуш" басылмасына билдирген.


Анын айтымында, Тургунбек Оторов алгач коронавирус илдетинен айыгып, инсульт оорусунан улам көз жумган. Маркумдун сөөгү 26-январь күнү Байгөнчөк айылында жерге берилери маалым болду.


Оторов Тургунбек Табрисович 1962-жылдын 24-июнунда Ак-Кыя айылында туулган. 1969-1979-жылдары орто мектепте, 1979-1984-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда билим алган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн