Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:40
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Экс-депутат Жалгап Казакбаевдин сөөгү бүгүн Кара-Балта шаарында коюлат

06.07.2020 08:32
1150
Экс-депутат Жалгап Казакбаевдин сөөгү бүгүн Кара-Балта шаарында коюлат


Узакка созулган оорудан көрүнүктүү коомдук ишмер Жалгап Казакбаев 71 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жалгап Казакбаев 1949-жылы Панфилов районунун Тельман айылында туулган.

1972-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги «Сетунь» заводунда цехтин башчысынын орун басары, мастер болуп иштөөдөн баштаган.

1974-1983-жылдары Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы «Оргтехника» заводунда цехтин башчысынын орун басары, цехтин башчысы, башкы технолог, башкы инженер, 1983-1987-жылдары Кара-Балта шаарынын «Бакыт» өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору болгон.

1987-1992-жылдары Кара-Балта шаардык кеңешинин, Чүй облусунун кеңешинин төрагасынын орун басары кызматтарын аркалаган. 

1991-жылы Жогорку Кеңештин, легендарлуу парламенттин, 1995-жылы Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты болуп шайланган.

1992-1995-жылдары Кара-Балта тоо-кен комбинатынын генералдык директорунун орун басары, генералдык директору болуп эмгектенген.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана бекемделишине, өлкөнүн социалдык жана экономикалык, тоо-кен өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат.

Жалгап Казакбаевдин жаркын элеси элдин эсинде сакталат, анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Исмаилова А.Ж., Мадумаров А.К., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Исаев К.К., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Мамашова А.Т., Эсеналиев Д. А., Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Бейшенов Ж.С., Осмонбетов Э.К., Опумбаев О.Н., Намазалиев А. А. Кокоев К.К., Иманбеков Т.И., Рустамбеков Дж.С., Эрматов А., Субанбеков Б.Ж., Эсенаманов З.С., Райымкулов Б.К., Азылов Ж.К., ж. б.

Казакбаев Жалгап Ийманбековичтин сөөгү бүгүн, 6-июлда 10:00дө Кара-Балта шаарынын Тельман айылында коюлат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн