Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Экс-депутат вице-мэр Нурдан Орунтаевдин үстүнөн милицияга арыз жазды

26.09.2023 16:09
299
Экс-депутат вице-мэр Нурдан Орунтаевдин үстүнөн милицияга арыз жазды


Экс-депутат Замирбек Парманкулов Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин аракетине каршы милицияга арыз жазды.


Мэриянын алдында вице-мэр Нурдан Орунтаевдин катышуусунда муниципалдык имаратты (мурдагы бала бакчанын имараты) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замирбек Парманкулов мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталып, Рабочая 11Б көчөсүндө жайгашкан имаратты бошотуу процесси жүрүүдө. 


«25-сентябрда вице-мэр Нурдан Орунтаев белгисиз адамдар менен менин турак эмес жайма – иш бөлмөмө келип, мыйзамсыз түрдө эшик-дарбазаларды ачып, кулпуларды бузуп, андан соң мүлкүмдү тартып алышкан. Ар кандай технологиялык линиялар жана жабдуулар болгон. 2-3 миллион сомдук материалдык зыян келтирип, моралдык зыян келтирген. Бул эксперименталдык участок, жабдуулар болгон. Орунтаев алып койду. Бул мыйзамсыз, бул уурулук. Мен алардын иш-аракеттерин, эмне үчүн мындай кысым болгонун түшүнгөн жокмун», - дейт ал.


Вице-мэр Парманкуловдун милицияга берген билдирүүсүнө да комментарий берди.


«Кечээ кечинде белгилүү болгондой, ал милицияга анын мүлкүн уурдады деп бизге чара көрүү боюнча арыз жазган. Бул мүлк айып аянтчасында турат. Муниципалитет демонтаждоо иштерине кетирген бардык чыгымдарды төлөп алып кетсе болот», - деди вице-мэр.


Орунтаевдин айтымында, Парманкуловдун эч кандай документи жок, эч нерсе берген эмес. «Бирок бизде сот органдарынын чечими, өкмөттүн бул имаратты муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча токтому бар, ал учурда Кадастр органдарында каттоодон өтүп, муниципалитеттин балансында турат», - деди вице-мэр.


Ал ошондой эле участоктун аянты болжол менен 80 соток экенин, бирок мэрияга өткөрүп берүү учурунда 60 соток гана жер берилгенин белгиледи. «Ал жер тилкесинин бир бөлүгүн сатууга жетишкен. Бул биринчи жолу эмес. Буга чейин Парманкулов ээлеп турган «Сетун» бала бакчасынын имараты бошотулган», - деди Орунтаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн