Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:30
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Экс-мэр Нариман Түлеев жаңы партия менен шайлоого катышат

01.03.2021 11:26
806
Экс-мэр Нариман Түлеев жаңы партия менен шайлоого катышат

Бишкек шаарынын мурдагы мэрия Нариман Түлеев Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна жаңы партиянын курмаы менен катышат. Бул тууралуу экс-мэр Фейсбук баракчасына жазды.


"Биздин борборубуздун тагдырына мен кайдыгер боло албасымды сиздер билесиздер. Азыр мэриянын тегерегинде эмнелер болуп жаткандыгын байкап, биз жаш, дымактуу кесипкөй командабыз менен "Ак Бата" партиясынын катарында Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышууну чечтик. 

Кечээ партиялаштар, санаалаштар менен бирге курултай өткөрүп, баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз болгон Бишкектеги абалды талкууладык, кырдаалдан кандайча чыгуу жолдорун издедик. 

Акыркы нааразычылык окуялары аң-сезимдүү болду. Так ошондой прогрессивдүү ойлонгон жаштар жаңыча саясат жүргүзүүнү көтөрүп чыгышты. Биз ушул себептен "Ак Бата" партиясына ушундай жаштарды жыйнадык.",- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн