Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун жакындары: Дарыгерлерге дооматыбыз жок

12.07.2020 11:51
1922
Экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун жакындары: Дарыгерлерге дооматыбыз жок


“Чубак ажы Жалиловду Бишкектеги Улуттук госпитал кабыл албай койгон» деген маалымат соцтармактарда тарап кеткен. Бул маалыматты Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы төгүндөдү.

Алардын билдирүүсү боюнча, дин аалымы, мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов ооруп жаткан учурда анын жанында жакын санаалаштары Асан ажы Сыргабаев менен Замир Абытов болгон. Асан ажынын айтуусунда, медицина кызматкерлери аалымдын өмүрүн сактап калууда болгон аракетин жумшаганын, тилекке каршы аалым эки тараптуу пневмонияга кабылып, өз ажылынан акка моюн сунган.

Чубак ажы Жалиловду оор абалда түнкү саат 12:00ге жакын Бишкектеги Улуттук госпиталдын Нейрохирургия бөлүмүнө алып келдик. Ал жерде бөлүмдүн кызматкерлери күтүп турушкан экен. Кошумча дем алдыруучу аппарат менен жардам беришип, дароо реанимация бөлүмүнө алып кирип кетишкен. Ал жерде дин аалымынын өмүрүн сактоодо тийишттүү медициналык чаралар көрүлдү. Бул жерде дарыгерлер тарабынан күттүрүү болгон эмес. Медицина кызматкерлерине эч кандай нааразычычылыгыбыз жана дооматыбыз жок. Атайын палата дагы даярдалыптыр. Дин аалымы ажылынан каза болгон соң дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес”, - деди Асан ажы Сыргабаев.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта Чубак ажы Жалилов 10-июлда түнкү саат 12лер чамасында ооруканага оор абалда келгени айтылган. Ага эки тараптуу пневмониянын оор түрү, кант диабети деген диагноз коюлган. Дарыгерлердин бардык аракетине карабай бейтап 11-июлда түнү саат 3төрдө көз жумган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн