Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-октябрда Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматына күбө катары сурак берип чыкты.
Мурунку өкмөт башчы сурактан кийин кайсы иштин алкагында чакырылганын айткан жок.
«Мен сурак сырын ачыкка чыгарбоо жөнүндө кагазга кол койдум. Ошондуктан кайсы иштин алкагында чакырылганымды айта албайм. Азыр жумушсузмун, ошондуктан бош убактымды үй-бүлөм менен өткөрөм. Өлкөдөн чыгып кетүү ниетим жок», — деди М.Абылгазиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн