Кыргызстандын экс-премьер-министри Танаев Николай Тимофеевич дүйнө салды.
Маалым болгондой, ал узакка созулган оорудан улам 19-июлда эртең менен каза болгон. Ушул жылдын ноябрь айында ал 75 жашка толмок.
Акыркы жылдары Танаев Россиянын Санкт-Петербург шаарында жашап келген. Ал жакта «Газпром» ААКтын структурасында иштеген.
Николай Танаев 2002-2005-жылдары Кыргызстандын премьер-министри болгон. Өкмөттү үч жылча башкарып, 2005-жылдын 24-мартындагы окуядан кийин иштен дароо кеткен.
Ал тарыхта Акаевдин заманындагы акыркы премьер-министр катары калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн