Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 00:53
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Экс-премьер беш жылга эркинен ажыратылды

30.06.2020 13:27
1205
Экс-премьер беш жылга эркинен ажыратылды


Франциянын мурдагы өкмөт башчысы Франсуа Фийон өз аялын кызматка жалган орноштургандыгы жөнүндө кылмыш иши боюнча 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул мөөнөттүн 3 жылы шарттуу болсун деп чечти сот.


Париждин соту Фионду мамлекеттик каражаттарды ысырапка учураткандыгы үчүн күнөөлөө деп тапты. Эске салсак, бул жаңжал 2017-жылы чыгып, натыйжада президенттик шайлоодо башкы талапкер болот деп күтүлгөн Франсуа Фиондун саясий карьерасына чекит коюлган.


Фийондун аялы Пенелоп да мамлекеттик каражаттарды ысыраптоого катышкандыгы жана жашыргандыгы үчүн айыптуу деп табылды жана шарттуу түрдө 3 жылга кесилди. Мындан сырткары, жубайлардын ар бири 375 миң евродон айыппул төлөшөт.


Сот Франсуа Фион аялына аныгында эч бир аткарып көрбөгөн иш үчүн 831 миң евро эмгек акы төлөп бергендигин аныктап, мойнуна койду.


Эске салсак, 2017-жылдын март айында Canard Enchaine басылмасында Фион 2000-жылдары парламенттин депутаты кезинде аялын жардамчы катары жалган ишке орноштуруп, ага жүз миңдеген евро төлөп бергендиги тууралуу маалыматтар жарыялангандан кийин Франциянын прокуратурасы ага карата кылмыш ишин козгогон.


Фион жана анын аялы айыптоолорду жалган деп танышкан менен жалпыга маалымдоо каражаттары Пенелоп Фиондо парламентке кирүүчү күбөлүгү да жок болгон, ал эми парламенттин кызматкерлери анын иштээрин билген эмес деп жазып чыгышкан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн