Коронавируска каршы вакцина жалпы элге жеткиликтүү болгондо мен дагы эмдөөдөн өтөм, деп билдирди мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмалива “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине комментарий берип.
Ал белгилегендей, Саламаттыкты сактоо жана социалдык
өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, акысыз вакцина алуу боюнча графиги
түзүлдү. Ага ылайык, биринчи ирээтте медициналык кызматкерлер, укук коргоо
органдарынын кызматкерлери, чек арачылар, мугалимдер жана тобокелге кирген
топтогу жарандар эмделет.
“Вакцина жалпы элге жеткиликтүү болгондо мен дагы эмдөөдөн өтөм”, - деп айтты Аида Исмаилова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн