Учурда Кыргызстан социалдык-экономикалык, саясий жактан оор жагдайга туш болуп жатат. Илдеттин жайылуусу менен карантиндин мөөнөтү дагы узарып, убактылуу чектөөлөр кайрадан салынды. Ушундай шартта өкмөт, аткаруу бийлиги, ыкчам штаб өз аракеттерин колдон келишинче аткарып жатат десек болот. Мына ушул маселелердин тегерегинде Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева “Медиа центр” агенттигине маек курду. Муну менен катар вице-спикердин жеке ишмердүүлүгү, келечек максаттары боюнча да суроо салдык.
- Сиз Германиядан келгенден кийин 14 күндүк үй карантининде болдуңуз. Бул убакыт сиз үчүн кандай өттү, эмне иштер менен алектендиңиз? Балким мурда маани бербей жүргөн жумуштарыңызды бүтүрдүңүз же эч бир жасап көрбөгөн иштерди эксперимент кылып көрдүңүз.
- 14 күндүк карантин билинбей эле өтүп кетти. Себеби күнүмдүк жумуштар көп болду, компьютер, интернет аркылуу бүтүрүүчү иштер менен алек болуп жаттым. Экинчи жагынан китепти жакшы көргөндүгүмө байланыштуу мурда убакыт жетпей жүргөн китептерди окудум. Негизгиси үйдү жыйыштыруу, иреттөөгө жана башка үй жумуштарын бүтүрүп алдым десем болот. Эксперименттик иштерди жасап көргөн жокмун бирок, жазуучулук менен көп алектенгендиктен күндөлүктөрүмө кайра кайрылып, кыска аңгемелерди жаздым.
- Кудайга шүгүр анализиңиз таза чыкты. Бирок кандай болгон күндө да мындай абал башыңызга биринчи жолу келип жатат да, анализдин акыркы жыйынтыгы чыкканча кандайдыр бир коркуу, кооптонуу сезимдери болдубу?
- Кыргызстанда биринчилерден болуп үй карантининде отурган мен болдум окшойт. Алынган анализдин жыйынтыгы биринчи күнү эле чыккан. Анда көп этибарга алган эмесмин. Бирок күн өткөн сайын кооптонуу сезими боло берди. Инкубациялык мөөнөттө интернеттен ар кандай маалыматтарды окуй бергенге өзүмдөн оорунун белгилерин издеп, тыңшап абдан кооптонуп жаттым. Экинчи анализ 13-күнү чыкканда абдан жеңилденүү болду. Эң башкысы менин үй-бүлөм, бир туугандарым, жакындарым кыжаалат болуп жатышты. Мына ушундай сезимдерди өткөрдүм.
- Сиз карантиндин аяктоосу менен эркин чыга баштадыңыз да, анан айлана-тегеректеги адамдар, балким кесиптештериңиз же туугандар арасында өзүн сизден оолак кармап, кодулап жаткандай мамиле сезилген жокпу?
- 14 күндүк үй карантини бүткөндөн кийин эле жалпы республикалык карантин башталды. Жогорку Кеңешке сессияга бардым. Ошондо байкадым, айрым кесиптештерим менден оолак болуп аткандарын. Кыргызстанда илдетти жуктуруп алдуудан шектенгендер өзүнүн аты-жөнүн айтуудан кооптонуп жатышат. Ооруп калган адамдар дагы психологиялык жактан абдан жабыркап жатышат. Бизде элдер “стигматизация” кылып ооруп калган адамдарды бөлүү көз караштары болуп жатат, бул албетте ага катуу тиет. Мисалы чет өлкөлөрдө ачык-айкын айтып, бул жашыруучу оору эмес экенин билдирип жатышат. Мисалга ала турган болсок, Принц Чарльз, Канаданын премьер-министри, Германиянын канцлери үй карантининде отурушту. Бизде дагы ушуну туура түшүү керек. Бул илдет эч тандабайт, кызматтабы, жөнөкөй жаранбы, байбы, кедейби, акылдуубу, акылсызбы адамга билинбей жугуп калышы мүмкүн. Ошондуктан ал адам өзүн эч качан күнөөлөбөш керек. Азыр дарыгерлер да жуктуруп алгандарына өздөрүн күнөөлөп, эч жактан колдоо болбой жатат. Ошондой эле, ажы тойго барды деп күнөөлөнүп жаткандарга да өтө катуу тийди.
Менин абалыман кабар алып, ден соолук кандай, ооруган жоксуңбу деп өзүн алыс кармап же тамашалаган депутаттарга деле таарынган жокмун, себеби туура түшүнүү керек. Вирусту бардыгы биринчи угуп жатышат, ошондуктан чочулоо сезимдери болуп жатат. Түшүндүрүү иштери да абдан аз. Себеби дегенде мен карантинде отурганда тез айыгып кет деген каалоо тилектерди көп уктум. Ооруган жокмун деп аларга алымдын келишинче түшүндүргөнгө аракет кылып жаттым.
- Жакында Ош облусунда илдетке чалдыккан дарыгерлердин абалы менен телефон аркылуу таанышып, алардын абалы оор экенин айтып чыктыңыз. Ушул боюнча токтоло кетсеңиз.
- Дарыгерлер тилекке каршы биринчилерден болуп ооруп калышты. Күнөө дарыгерлерде эмес, жалпы системада, өкмөттө. Анткени биринчи күндөрү коргонуу каражаттары менен жакшы камсыз болбой калышты. Инструкция жакшы берилбей калышы мүмкүн. Алар өздөрү күнөөлүү дегенден алыс болушубуз керек, бул уят. Дарыгерлерди коргоп калуу керек, алар менен сүйлөшүп жатканда ошого ыза болушту. Бардыгы тажрыйбалуу дарыгерлер болушкан. Комиссия иштеп жатат, деп атышат жыйынтыгын дагы көрөбүз.
- Дыйкандарга үрөндөн жардам берип жатыптырсыз. Бул идея кайдан келди?
- Азыр азык-түлүк, тамак-аш жагынан жардамдар берилип жатат. Бул дагы жакшы. Бирок бизде айыл жергесинде жашаган жарандар көп, алардын көбү дыйканчылык, жер иштетүү менен алектенишет. Жай, күз келет дегендей, дыйканчылык иштери үзгүлтүккө учурабашы керек. Үрөн боюнча да жардамдар берилсе жакшы болмок. Эмгек адамга жакшы үмүт берет эмеспи. Ачкачылык болот экен деген ойдон алыс болуп эмгек менен алектенгени жакшы деп олойм.
- Эми депутаттык ишмердүүлүгүңүзгө келсек, учурда сизден кандай мыйзам долбоолорду, коомчулукка керектүү кандай демилгелерди күтсөк болот?
- Коронавируска чейин жөлөкпул боюнча мыйзам долбоорун алып чыгып аткам, социалдык сферада көп иштейбиз. Балдарга берилүүчү жөлөкпулдун көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам коомдук талкууга коюлган. 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө чейин бул мыйзам долбоору даяр болуп калат деп пландап жатканбыз. Коронавирус пандемиясына байланыштуу каражаттарды ошол жакка жумшоо керек болуп калды. Андан кийин деле ушул багытта иштер уланат, дарыгерлердин, мугалимдердин статусун, маянасын жогорулатуу, санариптештирүү, онлайн окутуу ж.б. Азыр коом жана дүйнө өзгөрдү. Ошондуктан ушул жакта демилгелер болот. Парламентте ушул багытта мыйзамдар ишке ашат деп ойлойм.
Жеке өзүмдүн демилгелерим боюнча айтсам, жакында ишкер айымдар менен биргеликте “Борбор Азиядагы аялдар лигасы” кайрымдуулук фондун түптөдүк. Буга чейин онкологиялык оору менен ооруган Айжамал аттуу кызга жардам берип, Индияда операциясы ийгиликтүү аяктап буюрса илдеттен сакайды. Ишкер айымдардын башын бириктирип, азыр реагенттерге буйрутма кылып атабыз. Кийинки жумада келээри күтүлүп жатат. Ошондой эле өзгөчө абал учурунда ракка чалдыккан балдарга жардам берүү боюнча каражат топтолууда.
- Эң негизгиси абал тынчысын деген тилекте туралы. Буюрса күзүндө Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо алдында турабыз. Ушул саясий өнөктүккө катышасызбы, кайрадан эл өкүлү катары көрө алабызбы?
- Учурда шайлоо тууралуу сөз жок, качан өтөт, кандай шартта өтөт. Бирок мен жактырган партия, мен сыйлаган адамдардан сунуш түшсө аны карап көрүп барам деп ойлоп жатам. Себеби дегенде баштаган иштерди аягына чыгаруу керек. Алдыда көп пландар бар. Эң башкысы элдин жашоо турмушун оңдоо боюнча жасай турган иштер көп. Аны жалгыз эмес, команда менен ишке ашырууга туура келет. Ошондуктан Кыргызстанда парламенттин орду чоң. Парламент канчалык күчтүү болсо чечимдер да ошончолук так болот. Азыр көрүп атабыз, парламенттин дарегине айтылган сын пикирлерди. Ошондуктан шайлоонун таза өтүшү, таза адамдардын келиши өтө маанилүү. Парламентаризмди күчөтүш керек. Эч бир иш көмүскө жасалбай, ачык-айкын так болушу шарт.
- Кээде журналисттик ишмердүүлүгүңүздү сагынасызбы?
- Албетте бул кесибимди абдан сагынам. Анткени журналист кезимде өлкөнү, дүйнөнү абдан көп кыдыргам. Адамдарга суроо берип, алар менен таанышып, баарлашып, кызыктуу тагдырларды көрөсүң, ушунусу менен кызыктуу. Дагы деле журналистикага жакынмын десем болот, себеби бир текстти, бир маселени жазганда, иликтей келгенде депутаттык жумуш деле журналисттик ишмердүүлүккө окшоп кетет.
- Азыр убакыт ушунчалык зарыл нерсеге айланды. Мамлекеттик кызматкер болгондой кийин убакыт сизге дарыдай эле болсо керек. Бирок ушуга карабай досторуңузга уурдатып ийген учурларыңыз болобу?
- Убакыт албетте жетишсиз. 24 саат бою иш улана бериши мүмкүн. Азыр WhatsApp деген бар, ага келген бардык каттарга жооп берүүгө туура келет. Адамдар абдан көп жазышат, кээде интернетти толук өчүрүп 2 саат үй-блөмө арнайм деген убактымды да сарптап жиберүүгө туура келет. Досторго арнай турганга убакт жок, интернет аркылуу кабарымды билдирип коём. Бош боло калсам эле үй-бүлөмө арноого аракет кылам - кызым менен бирге китеп окуп, аны менен сүйлөшүп, андан тышкары үйдү генералдык тазалоо – менин медитациям десем болот.
- Сиз саясатчы болгонуңуз менен калктын жаш курактагы өкүлдөрүнүн катарын толуктайсыз. Үй-бүлөлүк жай турмушта кандай пландарыңыз бар, балким дагы эне болууну кыялданасыз?
- Ар бир адамда каалоо тилеги, ниети болот. Эми аны мезгил өзү көрсөтөт, Кудай билет кандай ишке ашат. Жеке пландарды элге жар салууну туура көрбөйм.
- Тескөөчү орган – Жогорку Кеңештин башында тургандардын бири катары айтсаңыз, азыр пандемия апаатына каршы күрөшүүдө бийликтин дарамети канчалык болуп жатат, өкмөттүн, тиешелүү жетекчилердин аракеттерине кандай баа бересиз?
- Бул боюнча өкмөт республикалык штабды эрте эле түзүп алдын алуу аракеттерин жакшы эле көрүп башташты. Коопсуздук кеңеш, президент өзү дагы маселени күнүгө талкуулап, тишелүү жетекчилерди кабыл алып, отчётун угуп өзү көзөмөлдөп атты. Бирок 30 жылдан бери топтолуп калган проблемалар бар болчу. Ошол эле саламаттыкты сактоо тармагында, ыкчам штаб, Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимдер жер-жерлерде аткарылбай жатат. Мисалы дарыгерлердин коргонуу кийимдерин алып берүү, алардын коопсуздугун кароо, бардык маселелерде жетишпегендей болуп жатат. Мамлекеттин артка кеткени десек болот. Бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу карантин жакшы кирди. Көп жайылып кеткен жок. Дагы да болсо реагенттерди алып келип, калкты тез-тезден анализден өткөрүү керек. Ким ооруп жатат, ким жуктуруучу болуп жүрөт аныктап, карантинди ачуу керек. Иштөөгө акырындан өтүү зарыл.
- Ар бир мамлекет пандемиянын оор кесепеттерин ар кандай тартып жатышат. Айрым өлкөлөр илдетти жеңип келе жатканын жар салышууда. Сиздин болжолуңузда биздин Кыргызстанда бул оору канчага чейин созулушу мүмкүн.
- Болжолдоолор ар кандай болуп жатат. Сингапур, Кытай тез эле чыгып кетти дегени менен экинчи толкуну башталып жатат. Эпидемиологдор экинчи, үчүнчү токуну болушу мүмкүн деп да айтышууда. 9-10 айга чейин оору уланат деп жатышкандар да бар. Бирок 9-10 ай бою карантин болот дегендик эмес. Жалпы тестирлөө керек, ошонун жыйынтыгы менен абал кандай экени билинет. Карантин бул ооруну ооздуктоо болуп саналат, бирок кийин да болсо оору жайылат деген болжолдоолор бар. Ошондуктан абал бүдөмүк так айтууга азыр болбойт.
- Ушундай оор мүшкүлдү баштарынан кечирип жаткан кыргыз элине кандай кайрылууңуз, каалоо-тилектериңиз бар. Ооруп жаткандарга жана обсервациядагы жарандарыбызга кеңешиңиз.
- Бул вирус адамдын моралдык, инсандык аң сезимин ачыктаган вирус болду десек болот. Бул сыноо, адамдар бири бирине сын айтпай, катуу сөз айтпай мурдагы жашоодогу кемчиликтерди ошол бойдон калтырып коюш керек. Мен ошого үдөйт элем, жарандарды ынтымакка сабырдуулукка, тартипке, биримдикке чакырабыз. Азыр кыйынчылыкка тушуккан адамдар абдан көп, 21-кылымдын душманы көрүнбөгөн согушу болду десем болот. Мага оору жукпайт, оорубайм деп кенебестикке жол бербей, карантиндин эрежелерин өтө так жана кылдат сактоого чакырам. Адамдын жарандык жогорку сапатына сыноо болуп жатат.
Пикирлер (1)