Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эксклюзив. Курманбек Бакиев "Кумтөр" боюнча өзүнө айтылган маалыматтар боюнча үн катты

22.05.2021 18:59
6046
Эксклюзив. Курманбек Бакиев "Кумтөр" боюнча өзүнө айтылган маалыматтар боюнча үн катты


Кыргыз Республикасынын экс-президенти Курманбек Бакиев  "Кумтөр" алтын кенин иштетүүгө байланыштуу өзүнө жабылган жалааларга жооп кайтарып, "Саясат. kg" маалымат порталына маек берди.


- Курманбек Салиевич, "Центерра Голд Компани" компаниясынын "Кумтөр" алтын кениндеги ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы жарыялангандан кийин, баары - Аскар Акаев, Темир Сариев, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана Өмүрбек Текебаев комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровго асылып, аны бир жактуулукка айыпташты. Алардын айтымында, Жапаров комиссиянын корутундусунда 2003-2004-жылдардагы жана 2013-2017-жылдардагы келишимдерге айыптоо менен басым жасаган, бирок ошол эле убакта өлкө үчүн эң бир пайдасыз болгон 2009-жылдагы келишимди кыйгап өтүүгө аракеттенген. Анткени, бул келишимди Акылбек Жапаров сиздин көрсөтмөңүз менен түзгөн экен. Сиз буга эмне деп жооп бересиз? 


- Мен 2013 жана 2017-жылдагы келишим жөнүндө айта албайм, анткени, аларды тереңдеп окуган эмесмин. 2009-жылдагы келишим тууралуу айтсам, мында азыраак логикага ээ болуу жана окуганды билүү эле 2004 жана 2009-жылдардагы келишимдердин айырмасын билүүгө  жетиштүү болот. Мен азыр сандарды термелеп айтпай эле коеюн. Баары ачык турат жана каалаган адам келишимдердин тексти менен таанышып, жыйынтык чыгара алат. 


Акылбек Жапаров иштеген 2007-жылдагы келишим парламент тарабынан бекитилген эмес. Менин эсимде калганы боюнча, Атамбаев ага кол койгон, бирок парламент ратификациядан өткөргөн эмес, экинчиден, ага кыйгап өтүүгө аракеттенүүнүн деле кереги жок, анткени 2003- жана 2009-жылдардагы келишимдердин ортосундагы айырмачылыкты көрүү үчүн окуганды билүү эле жетиштүү. Болгону, мен азыр сандарды жана фактыларды келтиргим келбей жатат, анын баары ачык булактарда жарыяланып турат. 


- Аскар Акаев, Темир Сариев жана Атамбаев менен Текебаевдин тарапташтары 2009-жылдагы келишимди парламент аркылуу ратификациялоонун жана Конституциялык сот аркылуу бекитүүнүн кереги жок болчу дешүүдө, анткени бул процедуралар келишимди эл аралык макамга көтөрүп салган. Эми канадалыктар менен Нью-Йоркто соттошуу кыйын болот, кыргыз тарап арбитраждык сотто жеңилип калуусу да мүмкүн дешти. Аскар Акаев болсо: "Кумтөрдү" иштеткен "Кумтөр Голд Компани" дагы ушул боюнча айтып жатат: "Биз арбритаждык сотко 2009-жылдагы келишимдин негизинде барабыз", - дешти. Эгер 2003-жылы ал компанияга преференция берилген болсо, анда алар 2003-жылдагы келишимдин негизинде сотко бараарын айтышмак", - деп айтты.  


- Эгер Акаевдин бул долбоордогу ролу тууралуу айта турган болсок, жумшак айтканда, ал унутуп калган окшойт. Ратификациядан кийин Кыргызстанга соттошууга оор болот дегени толук абсурд. 2003-жылдагы келишимде дагы арбитраждык сот боюнча пункт болгон, канадалык тарап Кыргыз Республикасына каршы териштирүүнү  ошол жылдагы инвестициялык келишимге ылайык, UNCITRAL эрежеси боюнча жүргүзүүнү демилгелеп пайдаланып кетишти. Арбитраждын орду - Стокгольм. Кыргыз Республикасына коюлган доонун суммасы - 1 миллиард доллардан ашуун. 2009-жылдагы келишим боюнча "Камеко" жана "Центерра" өздөрүнүн доо талабынан баш тартышкан жана аталган арбитражда болгон чыгымдардын ордун  Кыргызстанга кайтарып беришкен.  2009-жылдагы келишим менен иштеп жатып биз 2003-жылдын келишимдин айынан колу-бутубуз байланып калгандай эле болгон, таза барактан баарын баштаганда болчу толук эркиндик бизге берилген жок. 


- Сиздин каршылаштарыңыз 2009-жылдагы келишим боюнча Кыргыз тарап "Центерранын" концессиясына дагы 16 гектар жерди кошумча өткөрүп берген дешүүдө. Бул чынбы? 


- Менин эсимде калганы боюнча, аларга эч кандай жаңы аянт берилген эмес, а жаңы келишимде аларга мурда эле лицензия боюнча  берилген жерлер бекитилген. Ага чейин компаниянын карамагында жарымы концессиялык, жарымы лицензиялык аянттар болгон. Биз баарын концессияладык, бирдей режим болсун дедик. Муну дагы текшерип көрүшсө болот, бардык маалыматтар ачык. 


- Акылбек Жапаров 2007-жылы ал каржы министри катары премьер-министр Атамбаев экөө биргеликте  "Центерра" менен жаңы пайдалуу келишим түзүшкөнүн ырастап жатат, бирок сиз аларды отставкага кетириптирсиз дагы, андан ары келишим менен Алексей Елисеев менен Максим Бакиев  алектенип, 2009-жылы аякташыптыр. Бул ырастоого кандай жооп айтасыз? 


- Биринчиден, Жапаров каржы министри болгон өкмөт отставкага "Центерра" менен келишимдин айынан эмес, парламенттик шайлоодон кийин, жаңы парламент жаңы өкмөттү курай турганы үчүн кеткен. 


Экинчиден, 2007-  жана 2009-жылдардагы келишимдерди салыштырып көрүүнү сунуштайм. Эсимде калганы боюнча, парламентте докладчылардын бири болуп Алексей Елисеев сүйлөгөн, бул маселеге жоопкерчиликти алып, цифраларды келтирген. Бул презентация жана ошол жыйындын стенограммасы бар, анын баарын таап, элге чыгарыш керек. Келишимдердин текстин пропагандалык патетикасыз, бир жактуулукка жол бербей салыштырып көргүлө, анан баары алаканга салгандай белгилүү болот. 


- Сиз Акылбек Жапаров тууралуу эмне дей аласыз? Аны "Центерранын" "Кумтөрдөгү" ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссияга төрага кылып дайындоо туура эле болдубу? 


- Мен адамдын өздүгүнө акаарат келтиргим келбейт. Ал өтө жөнөкөй эмес абалда калды, анын акыбалын  кыскача "же көкүрөгүң кайчылаш жерде же башың бадалдардын арасында" деген орус макалы менен таасын сүрөттөсө болчудай. Ал бул маселени чындыгында жакшы билет, бирок өлкө юридикалык дагы, экономикалык дагы жактан кандай кырдаалга туш болоорун канчалык деңгээлде жакшы түшүнөөрү белгисиз. Мен тобокелчиликтер өтө кылдат каралды жана өкмөттүн окуянын өнүгүшүндө пайда болчу бардык  сценарийлерге планы бар деп үмүттөнөм. Кандайлар экенин тизмектегенди каалабай турам, тизмектебейм дагы. Бул өзүнчө сөз. 


- Сиздин оюңуз боюнча, кыргыз бийлиги жана "Центерранын" бүгүнкү конфликтинен кийин Кыргызстанды кандай келечек күтөт? Мунун баары эмне менен аяктайт? 


- Мен азыр Кыргызстандын бул конфликтидеги келечегин болжолдоого даай албайм, анткени Акылбек Жапаровдун докладындагы кайсы фактылар жана далилдерди өкмөт эске алаарын билбейм. Бул маселени  иликтегенибизде, бизге дагы 2003-жылдагы келишим, жумшак айтканда, абдан таң калыштуу болгон. Дагы да тереңдебей коеюн, алардын баары көп жолу жарыяланган жана бардык маалыматтарды ачык булактардан табууга болот. Бирок ошол убакта эл аралык арбитраж үчүн бизде пара алуу же коррупция боюнча фактылар жетишсиз эле. Бул коррупция  фактысы болгон эмес дегенди билдирбейт. Дагы бир кайталайм, 2003-жылдагы келишим таң калыштуудан да башкача эле. Анын үстүнө 2009-жылдагы келишим менен иштеп жатканда өкмөттүн кызыкчылыгын  абдан белгилүү юридикалык компания коргогон (ал абритраждын жана башка сценарийлердин тобокелчилигин тактаган), ал эми 2003-жылдагы келишимге Кыргызстан тараптан өзүн сыйлаган бир дагы юрист кол коймок эмес.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Мигрант
Негизинен бул киши жакшы эле иштеди бир туугандарын эсепке албаганда, Бакиевди мен ойлойм учунчу тарап эле кууп жиберди бирок аны Бакиев озу да билсе керек бирок ачык айта албайт . А КУМТОР бойунча айткандарын 2003-жылдагы келишимдерди окуп коруш керек экен. Кыргызстандын ушундай абалга келишине ашкар аккаёп туздон туз куноолу деп эсептейм. Балык башынан сасыйт дечу беле............
Калысбек
Ой эшекбай, 2009жылкы келишим бүт Канаданын утушуна алып келген, тварь. Сүттөн әк боло калат, тиякта акаеви танып отурат. Мээңер иштегенде эмгиче КР бутуна туруп, качкын болуп,талаалап мен качпай аксакал болуп отурат элеңер го, сатк987ындар !!!