Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:58
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Эксклюзив! Россиянын Мамлекеттик Думасына аттанган кыргыз улутунун өкүлү Кубанычбек Кожоев менен маек

04.05.2021 13:34
5508
Эксклюзив! Россиянын Мамлекеттик Думасына аттанган кыргыз улутунун өкүлү Кубанычбек Кожоев менен маек



Быйыл 30 жылдык эгемен тарыхыбызда биринчи жолу Россиянын Мамлекеттик Думасына “Единая Россия” партиясынын курамында кыргыз улутунун өкүлү Кубанычбек Кожоев аттуу атуулубуз депутаттыкка аттанды. Кубанычбек Кожоев Россиядагы кыргыз коомчулугунун башын бириктирип, элдин ынтымагын, биримдигин камсыздап келет. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги Кубанычбек Кожоев менен байланышып маек курдук. 


- Сиз Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына депутат болуп барууга аттанып жатасыз. Бул кабарды угуп, кыргыз журтчулугу жана Россиядагы мекендештер жакшы кабыл алышты жана сыймыктанып турган учуру. Өзүңүз тууралуу айтып бериңизчи – ал жакта канчадан бери жашап, эмне иштер менен алектенип келгенсиз жана талапкер болуу сунушу кайдан жаралды?


- Россияда көптөгөн жарандарыбыз билим алып, иштеп, ушул жерде жашап, жарандыгын алып калган. Мен да билим алуу үчүн келип, жашап калдым. Көп жыл эмгектендик. Анча-мынча өзүбүздүн Кыргызстан үчүн да иштедик. Россия Кыргызстан эмес экен. Бул жакта өзүбүздүн тилибизди, маданиятыбызды жана каада-салттарыбызды сактап калыш үчүн кандайдыр бир деңгээлде чачыраган кыргыздарды бириктирели дедик. Азыр маалыматтык-технологиялардын заманы болгону үчүн биригүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Он жылдан ашык убакыттан бери биз Россиянын “Единая Россия” партиясы менен кызматташып келе жатабыз. Себеби дегенде өзүңүздөр билесиздер элдердин суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн саясий топтор менен кызматташпаса, кайсы бир депутаттар көтөрүп чыкпаса элдин көйгөйү чечилбейт. 


Бүгүнкү күндө миллионго жакын кыргызстандыктар Россиянын жарандыгын алган болсо, дагы бир миллиондой эмгек мигранттарынын үнүн жеткирүү керек. Алардын ар бири бири-бири менен туугандык жактан, жердештик жактан байланышы бар. 


Ошондуктан, биздин жашоо да өнүгүп, жаштардын жаркын келечеги үчүн чоң саясий партия менен кызматташып келебиз. Бир топ шайлоолорго жардам берип келдик. Менимче азыр өзүбүздүн талапкерди чыгаруунун убактысы келип жетти. Өзүбүз Россиянын эң жогорку мыйзам чыгаруу органдарында Россиядагы кыргыз улутунун кандайдыр бир деңгээлдеги суроо-талаптарын аткарышыбыз керек. 


Мен көп жылдан бери кыргыз коомчулугун түптөп, “Жалпы Россиялык Кыргыз конгресси” деген уюмду түзүп келгеним үчүн биздин эл менин талапкерлигимди көрсөтүштү. Бул дагы элдин талабы, мүдөөсү деп мен макул болдум. Буйруса, элдин ишенимин аткарам, кыргыз элиме кызмат кылам, кыргызстандыктарга биздин пайдабыз тиет деген жакшы ниеттерибиз бар. 


- Мамлекеттик Думага депутат болуп калсаңыз эң биринчи эле кайсы иштерди аткарайын деп жатасыз?


- Эң биринчи элдин өз ара тыгыз байланышын түзүш керек. Чоң өлкөдө, чоң улуттардын, элдин алдында аз сандагы калк көбүнчө ассимилияция болуп кетиши мүмкүн. Өздөрүнүн улуттук баалуулуктарын унутуп кетет. Ошондуктан өз ара байланышты күчөтүү менен өздөрүнүн тилин, маданиятын сактоо керек. Быйыл Россияда калкты каттоо жүрөт. Мына ошондон кийин Россияда канча кыргыз улутундагы жарандар бар экенин так билүүгө болот. Ошого карата биз улуттук кызыкчылыктарыбызды мамлекеттик деңгээлге алып чыгышыбыз керек. 


Экинчиден, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени дагы да күчөтүү. Эки өлкө ЕАЭбдин алкагында жана бир топ эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп эсептелет. Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү, шериктеш мамлекет. Ошондуктан Россия менен болгон экономикалык байланыштарды өнүктүрсөк болот. Россияда абдан чоң мүмкүнчүлүктөр, инвесторлор бар. Ошолорду Кыргызстанда өндүрүш аймагын, завод, фабрикаларды ачуу үчүн колдонушубуз керек. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий, гуманитардык, экономикалык байланыштарды жогорку деңгээлге чыгаруунун үстүнөн иштейм. Россиянын территориясында кыргыз улутунун көптөгөн өкүлдөрү жашап жатат. Аларга мамлекттик деңгээлде кам көрүү зарыл деп эсептейм. Өздөрүнүн улуттук баалуулуктарын унутпашы керек. 


Россияда билим алып, дүйнөгө таанымал адамдар болгон. Мисалы Чыңгыз Айтматов да ушул жакта эң көп окулган чыгармаларын жазган. Ошолордун жолун жолдоп Россиядагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз зарыл. Алдыга умтулуп турган жаштарга кичине болсо да колдоо көрсөтүп, багыттарын аныктоого жардам беребиз. Мына ошондой жаштарыбыз эки мамлекеттин кийинки келечегин туура нукта алып барат деп ишенем. Ушундай жакшы ниетте депутаттыкка аттандым. 


-Депутат болуп калгандан кийин тажрыйба топтоп, Кыргызстанга кайтып барып, мамлекеттин өнүгүшү үчүн салымыңызды кошот белеңиз? 


- Албетте, Кыргызстанда азыр саясий абал анча жакшы эмес. Бирок ошол маселелерди чече турган билимдүү, белдүү саясатчылар бар. Менимче мына ошол эле саясатчылар ынтымакта биригип саясат жүргүзө турган болсо, Кыргызстанды өнүктүрө алат. Ал эми бул жакта жүргөн кыргыздардын өздөрүнүн жумушу, миссиясы бар. Сөзсүз түрдө эле Кыргызстанга барып бир орунду ээлеп калайын деген ниетим жок. Бул жактан туруп деле жардамыбызды ар дайым берүүгө даярбыз. Кыргызстандагы саясатчылар биригүү менен өлкөнү туңгуюктан чыгарып кете алат деп ишенем.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн