Бугу 12, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Экстремисттик материалдарды таратууга шектүү аял кармалды

28.07.2021 10:16
489
Экстремисттик материалдарды таратууга шектүү аял кармалды

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш иштеринин натыйжасында Кыргызстанды тыюу салынган диний уюмдардын биринин мүчөсү жана ошол эле уюмдун аялдар канатынын активдүү мүчөсү, буга чейин соттолгон Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы жашоочусу А.Б. аттуу аял кармалган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүруш иштеринин натыйжасында жогорудагы аял экстремисттик маанидеги материалдарды социалдык түйүндөр аркылуу жайылтканы аныкталып, аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча катталып, алынган материал тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн.


Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, таркатылган материалда экстремисттик маанилер камтылганы аныкталган.


Чүй облусунун ИИББнын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы аял Жалал-Абад облусунун Аксы районунан кармалып, Аламүдүн райондук соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.


Сотко чейинки өндуруш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн