Коронавирус пандемиясынан улам Эквадордун аткаминерлеринин айлык акылары эки эсе азаят. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
“Мен президенттин, вице-президенттин, министрлердин жана алардын орун басарларынын айлык маянасын 50 пайызга азайтууну чечтим. Ошондой эле, муну баардык аткаминерлер жана парламенттегилер аткарат”, - деген президент Ленин Морено.
Ал эми, Эквадордо COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 7466 адамга жетип, дарттан 333 адам көз жумган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн