Аяк оона 24, 2025
Убакыт: 13:25
USD
87.30
87.80
EUR
102.60
103.60
RUB
1.040
1.070

Эль-Кувейтте кыргыз-кувейт ТИМдер аралык саясий консультациялар өттү

24.09.2025 10:03
53
Эль-Кувейтте кыргыз-кувейт ТИМдер аралык саясий консультациялар өттү

Күн мурун Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейттин Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда төртүнчү саясий консультациялар өттү.


Вдомстводон маалымдашкандай, консультациялар тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Темирбек Эркинов жана Самих Иса Жаухар Хаяттын деңгээлинде өттү.


Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар өз ара саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын учурдагы абалын, ошондой эле эки тараптуу жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашты.


Делегациялар мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жандандыруу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы келишим-укуктук базаны кеңейтүү маселелеринде бир пикирге келишти.


Ошондой эле кеңешмелердин алкагында актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу орун алды. Тараптар регионалдык коопсуздук жана туруктуулукту бекемдөөгө болгон өз ара кызыгуусун белгилешип, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.


Мындан тышкары, БУУ, Ислам кызматташтык уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү менен тыгыз кызматташууну улантуу жөнүндө макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн