Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Эл агартуунун мыктысы Төлбашы Алымкулов дүйнө салды

15.07.2020 11:41
1116
Эл агартуунун мыктысы Төлбашы Алымкулов дүйнө салды


Кыргызстандын билим берүү тармагы дагы бир жоготууга учурады. 92 жаш курагында КРнын эл агартуусунун мыктысы Төлбашы Алымкулов көз жумду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.


Төлбашы Алымкулов 1932-жылы ошол кездеги Фрунзе облусунун Талас районуна караштуу Кең -Арал колхозунда колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.


1951-жылы Кыргызстан мамлекеттик сырттан окуу жайынын педагогиялык институтунун “Тарых” факультетине окууга тапшырып, 1956-жылы ийгиликтүү аяктап, жогорку билимге ээ болот. Эмгек жолун мектепти бүткөндөн кийин эле 1950-жылы август айында Ленинполь районуна караштуу Барк-Арык жети жылдык мектебинде 3-класстарга мугалим болуп баштаган. Бул мектепте 1954-жылга чейин эмгектенип, 1954-1956 жылдары азыркы Талас облусу мурунку Талас районуна караштуу Кең-Арал жети жылдык мектепте тарых жана география сабактары боюнча мугалим болуп иштеп, 1956-жылдан 1960-жылга чейин ушул эле мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенди.

 

1960-1961 жылдары Киров районундагы сегиз жылдык Кайыңды мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 1961-жылдан баштап 1963-жылга чейин Киров районундагы сегиз жылдык Оро мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, андан кийин 1963-1968-жылдар аралыгында ушул эле мектепте директор болуп иштеген.

 

1968-жылы Талас районундагы Чалдовар мектеп -интернатында мугалим-тарбиячы болуп иштеп, 1969-жылы Талас районундагы Кең-Арал орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип, 1975-жылы ушул эле мектепке окуу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1992- жылга чейин жемиштүү ийгиликтерди жаратып, эмгектенип келди.


Анын жетишкендиктери: Кыргыз СССРинин Жогору Советинин ардак грамотасынын ээси, Улуу Ата Мекендик согуштун ооруктагы ардагери, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы, КРнын ардактуу аксакалы, Талас облусунун жана Бакай-Ата районунун ардактуу атуулу.


Төлбашы Алымкуловдун жаркын элеси анын жакындарынан, окуучуларынын жана кесиптештирнин эсинде калат. Билим берүү жана илим министрлиги Төлбашы Алымкуловдун жакындарына, туугандарына жана уул-кыздарына терең көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.


К.А. Исаков, Ж. А. Ташиев, Н. К. Омуров, Н. С. Джусупбекова, М. Ж. Усеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн