Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эл акыны Байдылда Сарногоевдин бюсту ачылды

16.05.2022 15:07
2156
Эл акыны Байдылда Сарногоевдин бюсту ачылды



Бүгүн, 16-майда Талас облусунун Бек- Молдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык - Булак айылындагы Б. Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына Байдылда Сарногоевдин бюсту ачылды.  Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жаштар саясаты жана спорт министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын эл акындары Анатай Өмүрканов, Амантай Кутманалиев манасчы, дастанчы төкмө акындар жана акындын айылдаштары менен бир катар маданият ишмерлери катышты.


Анда акындын чыгармачылыгына сары эсеп салынып, бүгүнкү күндө Байдылда Сарногоевдун ырлары өз актуалдуулугун жоготопой келе жатканы, анын адамдык парасаты жана жогорку чыгармачылык касиети тууралуу жылуу пикирлер айтылды.


Мурдагы өткөн атактуу адамдардын кыял-жоруктарын, жүрүш-турушун айтып берип, оозеки кеби менен да өз кумирлерин ээрчитип жүргөн бул акын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Аны улуу-кичүү урмат менен Байдыке деп эркелетип турушчу.


Сарногоев поэзия майданына кошулган өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланган. Анын "Ак калпак", "Ашуудан берген отчётум" деген китептери колдон-колго өтүп окулган. Бул анын ырларына биринчи кезекте улуттун салты, маданияты, тили жана руху терең сиңдирилгендиги менен, ар бир сабынан кыргыздык мүнөз, кыргыздык бөтөнчөлүктөр көрүнүп тургандыгы менен жана юмордук белгилеринин күчтүүлүгү менен байланышат. Ал төкмөлөр чыгармачылыгына жакын, нукура улуттук колорит менен жазганы менен белгилүү болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн