Эл аралык «Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктап, аймактагы эң ири логистикалык хабды түзүүгө негиз салды.
Компаниядан билдиришкендей, соода-логистикалык борбор Кыргызстан, Кытай, Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдеп, экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт.
Биринчи этаптын алкагында бир катар объектилер, анын ичинде Нарын эркин экономикалык аймагы жана Мамлекеттик бажы кызматынын имараты курулду.
Жаңы кеңсе жүктөрдү тез жана эффективдүү жол-жоболоштуруу үчүн бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган, бул бажы көзөмөлүнүн процессин бир топ жеңилдетет. Бажы кызматынын логистикалык борбордун аймагында болушу иш процессинин убактысын кыскартып, логистикалык чыгымдарды азайтат.
Дагы бир маанилүү объект, мамлекеттик “Элдик Банктын” филиалынын имараты болду, ал ички жана эл аралык акча которуулар, бажы төлөмдөрүн кабыл алуу, ошондой эле автокредиттөө жана лизинг боюнча кызматтарды көрсөтөт.
"Аны менен катар Кыргыз почтасынын кеңселеринин курулушу аяктады. Почта кызматы - почта апкылуу жүк жөнөтүүлөрдү өлкө ичинде жана башка мамлекеттерге да жеткирүү жана кайра иштетүүнү камсыз кылат. Мындай шарттарды түзүү бизге товарларды жеткирүүнү тездетүүгө жана эл аралык өнөктөштөр менен байланышты чыңдоого мүмкүндүк берет",-деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле транспорт каражаттарын техникалык кароо лабораториясынын курулушу аяктады, ал коопсуздукту жана стандарттарга шайкеш келүүнү, келген жүктөрдү эсепке алуу үчүн зарыл болгон салмакты көзөмөлдөөнү камсыз кылат. Мындан тышкары, товарларды убактылуу сактоо кампалары курулган. Кардарлар товарларын андан ары ташуу же сатуу алдында бул сактоо кампаларына коюшу мүмкүн.
Атбашы району Кытайдын чек арасынан болгону 100 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, бул аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанилүү объект болуп саналат. Борбор буга чейин эркин экономикалык аймак жана бажы кампасы статусун алган. Бул инвесторлор жана ишкерлер үчүн кошумча жеңилдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Компания жетекчилиги жергиликтүү жана эл аралык инвесторлор менен жигердүү кызматташып, долбоорду бизнес жүргүзүү аянтчасы катары сыпаттайт. Жакынкы арада Бишкекте, Перс булуңунун бир катар өлкөлөрүндө, КМШда, Европада жана Кытайда долбоордун бет ачары пландалууда.
Эске салсак, «Атбашы» соода-логистикалык борбор долбоору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында “Курулуш-пайдалануу-өткөрүү” модели боюнча түзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн