Тогузунчу эл аралык Ысык-Көл марафону 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-сентябрга белгиленген “Run the Silk Road — Shanghai Cooperation Organization” марафону пандемиядан улам жагдайларга байланыштуу 2021-жылга жылдырылды.
Мелдешти өткөрүү үчүн жаңы убакыт өз учурунда кечиктирилбей угузулат. Ал эми турнирге катышуу үчүн каражат төккөндөр автоматтык түрдө 2021-жылы орун алуучу иш-чаранын катышуучусу болуп саналат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн