Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Эл аралык Менделеев олимпиадасында медалга ээ болгон үч окуучунун аты-жөнү

21.07.2020 12:32
963
Эл аралык Менделеев олимпиадасында медалга ээ болгон үч окуучунун аты-жөнү

Бул жылы Эл аралык Менделеев олимпиадасына Кыргызстандан 4 окуучу катышып, алардын үчөө медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу  билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 21-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, бул жылы Эл аралык Менделеев олимпиадасы Будапешт шаарында (Венгрияда) өткөрүлмөк. Пандемияга байланыштуу олимпиада онлайн форматта өткөрүлдү. 


"Олимпиадага 20дан ашык өлкөнүн мектеп окуучулары катыша алышты. Кыргызстандан 4 окуучу катышып, Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Кѳл лицейинин окуучулары медалдарга ээ болушту. 


Алсак, 10-класстын окуучусу Соодонбеков Нурсултан – 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль алды. Ал эми Кубанычбек Камиль 3-орунду алып, коло медалга ээ болду.  Ал эми Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Мамбетов Камил коло медалына ээ болду", - деди ал. 


Эл аралык Менделеев олимпиадасы - химия предмети боюнча жылына өтүлүп, КМШ, Балтика, Түштүк Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары катышышат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн