2022-жылдын 7-мартында Б. Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин башкы корпусунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаевдин катышуусу менен Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Генерал-майор Э.Тердикбаев Куралдуу Күчтөрдүн айымдар жамаатына кайрылып, аларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, айымдардын жашоодогу өзгөчө ролун баса белгилеп, кызматында ийгилик жараткан аскер айымдарына жана КР КК кызматчыларга грамоталарды жана баалуу белектерди тапшырды.
Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин эстрада жылдыздарынын жана КР КК борбордук армия үйүнүн чыгармачыл жамаатынын майрамдык концерти уюштурулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн