Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эл аралык байкоочулар президенттик шайлоо жана референдум боюнча өз бааларын беришти

11.01.2021 11:36
890
Эл аралык байкоочулар президенттик шайлоо жана референдум боюнча өз бааларын беришти


Кыргызстанда ачык-айкын шайлоо өтүшүнө олуттуу аракеттер көрүлдү. Бул тууралуу КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы Виталий Волков маалымат жыйында билдирди.

Волков таза шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер жасалганын белгиледи.

"Ар бир жаранга эркин добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өлкөдөгү 627 шайлоо тилкесин кыдырып чыктык жана шайлоонун даярдыгына жогорку баа бердик. Жалпылап айтканда, айрым мыйзам бузууларды эске албаганда шайлоо ачык-айкын өттү", - дейт ал.

Байкоочу кошумчалагандай, КМШ байкоочулар миссиясы жана көз карандысыз байкоочулар анализ жүргүзүштү. "Кыргызстандагы шайлоонун өтүшү эл аралык стандарттарга туура келет", - деп кошумчалады ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн