Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 16:09
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Эл аралык байкоочулар жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүнө жогору баа беришти

18.11.2024 13:46
104
Эл аралык байкоочулар жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүнө жогору баа беришти


Эл аралык байкоочулар Кыргызстанда өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарышты. 

Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов билдиргендей, шайлоо күнү миссия Бишкек жана Кант шаарларындагы 16 шайлоо участкаларында болду.

“Аталган шайлоо участкаларында коомдук тартип камсыз кылынып, добуш берүү күнү калктын эркин билдирүүсү үчүн бардык зарыл болгон административдик чаралар көрүлгөн. Шайлоо бюллетендери жана анын жыйынтыктарын эсептөө улуттук шайлоо мыйзамдарына ылайык өз убагында жүргүзүлдү.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, улуттук жана эл аралык байкоочуларга шайлоого калыс байкоо жүргүзүү үчүн зарыл шарттар түзүлдү.
Миссия шайлоо участкаларынын ишине административдик укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүн тапкан жок.

Миссия улуттук жана эл аралык байкоочулардын катышуусуна күбө болду, бул шайлоонун ачык-айкындуулугун жана коомчулук алдында отчеттуулугун жогорулатат. Шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу көйгөйлөрдү байкаган жокпуз.

Мындан тышкары, миссия шайлоо учурунда эч кандай үгүт материалдарын, кандайдыр бир саясий топ тарабынан мажбурлоону, бюллетендерди сыртка чыгарууну тапкан эмес.

Шайлоонун мөөнөтүн эске алганда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону даярдоодо да, шайлоо процессинде да бардык күч-аракетин жумшаганы көрүнүп турат”,-деди Азимов.

Ислам Шериктештиги уюмунун өкүлү Адаму Баубакар Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өткөнүн белгиледи. Ал кыргыз элин демократияны жаңы деңгээлге көтөргөн шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. 

Ал ошондой эле бул шайлоолор өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деген ишенимин жана улгайгандардын активдүүлүгүн белгилеп, жаштарды шайлоого көбүрөөк катышууга чакырды.

AWEB уюмунун өкүлү Сеунг Реол Ким да 17-ноябрдагы шайлоо тууралуу оң пикирин айтты. Ал бир нече шайлоо участокторуна барганын айтып, шайлоо тынч жана так өткөнүн белгиледи.

Ошондой эле ал шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана демократиянын жогорку деңгээлин баса белгиледи.

Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын байкоочусу Шайтдин Алиев Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого жогорку деңгээлде даярдык көргөнүн, шайлоочуларга жана депутаттыкка талапкерлерге бардык шарттар түзүлүп, тиешелүү техникалар сатылып алынганын кошумчалады.

"Биз эч кандай мыйзам бузууларды байкаган жокпуз, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү өз иштерине абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылышты, шайлоону өткөрүүдө өздөрүнүн милдеттерин билишет.

17-ноябрдагы шайлоо эркин, демократиялуу жана жогорку эл аралык стандарттарга жооп берди", - деп жыйынтыктады азербайжандык байкоочу.

Ал эми Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Баходиржан Юнусов байкоо учурунда мыйзам бузуулар катталбаганын, шайлоо тынч жана демократиялуу өткөнүн белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн