Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Эл аралык институт жүргүзгөн сурамжылоодо Садыр Жапаров эң көп элдин ишенимине ээ болгон

27.01.2021 11:46
602
Эл аралык институт жүргүзгөн сурамжылоодо Садыр Жапаров  эң көп элдин ишенимине ээ болгон

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров элдин ишеними боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында биринчи болду. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институт жүргүзгөн сурамжылоодо белгилүү болгон.


Сурамжылоодо "Сиз кайсы коомдук ишкерге же саясатчыга көбүрөөк ишенесиз?" деген суроо берилген.


Анын жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров эң көп ишенимге ээ татыган. Ииликтөөгө катышкандардын 51%ы ага ишеним артарын билдирген. 2020-жылдын август айында ушундай эле сурамжылоодо Жапаров 8% ишенимге ээ болгону аталган отчётто айтылат.


Садыр Жапаровдон кийинки орунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев турган. Ал 11% ишенимге татыса, 3-орунду Адахан Мадумаров 7%дык чек менен ээлеген. Андан кийинки орундарда Өмүрбек Бабанов, Артем Новиковдор турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн