Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:02
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Эл аралык издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу Бишкектен кармалды

16.07.2024 13:48
151
Эл аралык издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу Бишкектен кармалды


Кыргызстанда ИИМ тарабынан эл аралык масштабдагы баңгизат сатуучунун ишмердиги токтотулду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 13-июлда болжол менен саат 05:00 чамасында "Манас" аэропортунан Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган Д. К. кармалган.

Бул жаран Испания Королдугунда баңгизат кылмыштарына байланыштуу Испаниянын Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн.

Алынган маалыматтарга ылайык, ал Мароккодон Испанияга баңгизат ташууну уюштуруучулардын бири. 2021-жылы Терроризм жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө Канар аралдарынын архипелагынын түштүгүндө шектүү кеме аныкталган. Испаниянын Баңгизатка каршы атайын прокуратурасы кемеге Лас-Пальмас портуна түшүүгө уруксат берип, текшерүүнүн жүрүшүндө 595 таңгак (болжол менен салмагы 18 тоннадан ашык) гашиш баңгизаты табылган. Анда шектүү качып кетүүгө үлгүрүп, Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган.

ИИМдин ыкчам бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жаранды экстрадициялоо маселеси ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чечилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн