Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Эл аралык издөөдө жүргөн орус жараны Кыргызстандан кармалды

02.07.2021 16:28
731
Эл аралык издөөдө жүргөн орус жараны Кыргызстандан кармалды

Алдамчылык менен эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-июлунда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, эл аралык издөөдө жүргөн 1994-жылы туулган И.Р.А. аттуу Россиянын жараны кармалды.


Азыркы учурда КР УКМК кармалган И.Р.А. Россиянын аймагына экстрадициялоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.


Маалымат катары: И.Р.А. Россиянын Алтай аймагынын Барнаул шаарында («Банк ишиндеги ири көлөмдөгү алдамчылык») боюнча оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн