Бугу 02, 2024
Убакыт: 23:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Эл аралык издөөдө жүргөн "Хизбут-Тахрирдин" мүчөсү Бишкекте кармалды

17.07.2020 11:58
1161
Эл аралык издөөдө жүргөн "Хизбут-Тахрирдин" мүчөсү Бишкекте кармалды


Бишкекте тыюу салынган "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын аймагында 35 жаштагы А.А. аттуу киши диний-экстремисттик уюмдун деструктивдүү идеологиясын жайылтууга жигердүү катышкандыгы жана анын курамына башкаларды тартуу менен алектенгендиги аныкталып, кармалды.


Ошондой эле ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде өзгөчө оор кылмыш жасаганга айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.


Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн