Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:16
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди

15.08.2020 12:23
877
Эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди


Тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар мамлекеттер менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча ишти күчөтүү милдеттендирилди. Бул тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берген.


Отурумда  мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги Торугарт-автожол көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленген.


Премьер-министр медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө маселесине токтолду.


Мындан ары бир дагы шаарда, райондо, ал тургай алыскы айылдарда коронавирус инфекциясына  чалдыккан бейтаптарды дарылоого тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү берүү маселесине жоопкерчиликсиз мамиле жасаган учур кайталанбасын. Мен тартипсиздикке жол бербейм, төлөм боюнча кылдат текшерүүлөрдү жана мониторинг жүргүзгүлө, - деген өкмөт башчы.


Кубатбек Боронов азык-түлүк коопсуздугун жана дары каражаттарынын үч айлык запасын камсыздоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, тиешелүү тапшырмаларды берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн