Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим,эркин жана кыз-келиндер курөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеште чемпион болду
Спортчу 76 кг салмак категориясында беттешип 1/8 финалдан баштаган.
Алгач Казакстандык балбанды 4:1 эсебинде, Украиналык балбанды 10:6 эсебинде жеңген. Жарым финалдык беттеште Кытайлык балбанды 6:3 эсебинде жеңген. Алтын медаль үчүн беттеште Кытайлык балбанды 5:3 эсебинде жеңип 1-орунду ээледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн