Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-ноябрында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдан – Макаров пистолети, 4 даана бычак, 2 даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, 7 даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар табылып алынды.
Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн