Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Эл аралык террористтик уюмдун тапшырмасы менен Кыргызстанда террордук аракет жасоого аракет кылган жаран кармалды

13.08.2021 10:12
632
Эл аралык террористтик уюмдун тапшырмасы менен Кыргызстанда террордук аракет жасоого аракет кылган жаран кармалды


2021-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уланып жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, эл аралык террористтик уюмдардун (МТО) активдүү мүчөсү, 1983 -жылы туулган Кыргыз Республикасынын "А.А." аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Такталган боюнча, кармалган адам 2019-жылы Эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн тарабында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында, Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен жана куралдуу чыр-чатактар зонасына өтүүнү пландаштырган. Афганистандагы (Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган) "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун лидерлеринен тапшырмсы менен, Кыргыз Республикасында террористтик мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган.


Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана сот органдарынын чечими менен кармалган адам Баткен облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда КР УКМК тарабынан “А.А” аттуу жарандын кылмыштуулукка байланышкан иштерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө комплекстүү иш-чаралар уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн