Бугу 21, 2024
Убакыт: 17:15
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

ЭВФ Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 120,9 млн доллар берет

27.03.2020 10:43
815
ЭВФ Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн 120,9 млн доллар берет


Эл аралык валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанга 120,9 млн доллар берет. Мындай чечим аталган фонддун Аткаруучу кеңешинде кабыл алынганын россиялык ТАСС агенттиги өз булактарына таянуу менен жарыялады.


Анда айтылгандай, Эл аралык валюта Фонду Кыргызстанга бул каражатты коронавируска каршы күрөшүү үчүн, атайын жолдонгон өтүнүчтүн негизинде бөлүүдө. Азырынча 120,9 млн доллардын канчасы грант, канчасы насыя экени белгилүү боло элек. “Эл аралык валюта Фонду өлкөлөрдөн түшкөн биринчи суранычты аткарып, COVID-19га каршы күрөшүүгө каражат бөлдү. Ал ар кандай экономикалык чакырыктарга каршы турууга багытталган”, - деп айталат ТАСС агенттигинин маалыматында.


Эскерте кетсек, 26-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта Фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүн кабыл алган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн