Эл аралык валюта фонду тарабынан берилген 120,85 миллион АКШ доллары кайда сарпталганы айтылды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, каражаттар 8-апрелдеги Улуттук банктын эсептик курсу боюнча 1 АКШ доллары 84,87 сом чегинде улуттук валютага конвертацияланып, толугу менен сомго айландырганда 10 256,6 миллион сомду түзгөн.
Ошол эле учурда 490,8 миллион сомдун курстук айырмасы республикалык бюджетин кирешелеринде курстук айырмачылыктан түшкөн киреше катары чагылдырылган.
Апрелде Эл аралык валюта фондунун айтылган каражатынын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашасына 8 896,8 миллион сом жумшалган.
Алар:
- айлык акыга 3 994,4 миллион сом;
- социалдык керектөө үчүн 468,7 миллион сом;
- Социалдык фондго чегерүүлөр 1 834,0 миллион сом;
- Милдеттүү медициналык фондго чегерүүлөр 1 210,0 миллион сом;
- теңдөөчү чегерүүлөр 160,8 миллион сом (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек акысы);
- калкты социалдык камсыздоо жана социалдык көмөк көрсөтүү боюнча жөлөкпулдар 869,2 миллион сом;
- медицина товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн алуу 106,3 миллион сом;
- стратегиялык запастар 153,0 миллион сом (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан эгин алууга);
- коронавируска каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор турмуш шартында калган калк үчүн азык-түлүк алууга 100,4 миллион сом.
Учурда Эл аралык валюта фондунун каражаттарынын калдыгы үстүбүздөгү жылдын апрелине карата 1 359,8 млн сомду түзөт, ал 2020-жылдын майында республикалык бюджеттин социалдык маанилүү чыгымдарына жумшалары айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн